Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 39
Жаман –Тал участкасындагы Кара-Дөбө көмүр кени чыккан жер аянтынын категориясын өзгөртүү жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Жаман –Тал участкасындагы ОсОО Кара-Дөбө көмүр кенин казып иштетүү үчүн убактылуу лицензиянын убагы көрсөтүлгөн 2024-жылдын 3-декабрына чейин пайдаланууга 1,48 (бир га ,кырк сегиз сотых ) гектар жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер “ котегориясынан “Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери” категориясына которуп берүү жөнүндөгү ОсОО Кара Дөбө ЖЧК ишканасынын жетекчисинин арызын карап, таанышып КыргызРеспубликасынын Жер кодексинин 4, 7,9,10,13,25,31 беренелерин жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Жаман –Тал участкасындагы ОсОО Кара-Дөбө көмүр кенин казып иштетүү үчүн убактылуу лицензиянын убагы көрсөтүлгөн 2024-жылдын 3-декабрына чейин пайдаланууга 1,48 (бир га ,кырк сегиз сотых ) гектар жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер “ котегориясынан “Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери” котегориясына которуп берилсин.
2. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Жаман –Тал участкасындагы ОсОО Кара-Дөбө көмүр кени Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу жер участогунда жайгашкандыгы эске алынып , салык төлөмү өз убагында айыл өкмөтүнүн бюджетине төгүлүп туруусу , отчеттуулук милдетти так аткаруу жоопкерчилиги ОсОО Кара Дөбө ЖЧК ишканасынын жетекчиси Ж.Садырбаевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Джусупов |