МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз V ceccиясы
2017-жылдын 25-январы № 40
Т.Машрапов орто мектебинин териториясынан НурТелекомдун башнясын курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Т.Машрапов орто мектебинин териториясынан НурТелекомдун башнясын куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын арызын карап талкуулап , КыргызРеспубликасынын Жер кодексинин 4, 13, 25, 27 беренелерин жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Машрапов орто мектебинин териториясынан НурТелекомдун башнясын куруу үчүн 30 м квадрат жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан керектүү иш кагаздарын түзүп берүү жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Джусупов |