Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 41
Депутаттардын жыл ичинде экиден ашуун сессияга жүйөлүү себептерсиз келбеген учурунда депутаттык мандатын токтотуу жөнүндө
Этика жана экология укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө Мыйзамынын 3 - беренесин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын» 24 - беренесин жетекчиликке алып Мырза-Аке айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттары жыл ичинде экиден ашуун сессияларга жүйөлүү себептерсиз келбеген учурда , келбеген депутутаттын депутаттык мандатын токтотуу жөнүндө, Этика жана экология укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамы сессияга сунуш киргизүүнү аткарсын.
2. Депутаттардын кечигүүсүз сессияларга катышуусун камсыз кылуу айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Джусупов |