Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-февралы № 45
А.Нурмаматовтун М.Жээнбеков көчөсүндөгү жолдун боюна дүкөн салуу үчүн ген планга өзгөртүү киргизүү боюнча арызы жөнүндө
Айыл,жер,суучарба,өнөржай,курулуш,транспорт,байланыш,энергетика,маселе-лери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү менен таанышып чыгып, талкуулап , Жер кодексинин 13,2, 32, 31- беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып ,Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Нурмаматовтун М.Жээнбеков көчөсүндөгүжолдун боюна дүкөн салуу үчүн ген планга өзгөртүү киргизүү боюнча арызы канааттандырылсын.
2. Керектүү иш кагаздарды бүтүрүү, райондук Архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Джусупов |