Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-февралы № 46
М. Орозбаевтин бакча ачуу боюнча арызы жөнүндө
Социалдык маселелер ,жаштар саясаты ,спорт, жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү менен таанышып чыгып ,талкуулап , “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып ,Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айылынын тургуну М. Орозбаевтин арызы канааттандырылып, “ Акмаанай “ балдар –бакчасы ( 81 орундуу,3 тайпа) Жээнбеков көчөсүндөгү № 155-а менчик үйүнө жамааттык бала –бакча ачылсын.
2. “ Акмаанай”балдар –бакчасынын жетекчилигине Бакирова Тамара Бактыбековна сунушталсын жана иш - кагаздарын даярдоо ,көмүр-отун ,азык-түлүктөрдү камсыздоо,оңдоп-түзөө иштерин кезектеги ремонт жумуштарын алып баруу жагы ,ата-энелердин демилгесине,колдоосуна таянып ,чечүү жагы сунушталсын.
3. Райондук билим берүү ,санэпидемстанция,өрт коопсуздугу , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экогоиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Өзгөн шаары, Өзгөн, Кара-Кулжа райондор аралык экотехинспекция башкармалыгынан, жаратылышты коргоо бөлүмдөрүнөн талапка ылайык бүтүмдөрдү чыгарып берүү суралсын.
4. Райондук мамлекеттик администрациясынан жана билим берүү бөлүмүнөн ушул токтомду бекитип берүү суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Джусупов |