Загрузка документа…
МАНАС РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 13-сентябры № 69
Май айыл округунун айыл чарба багытындагы жерлерди натыйжалуу пайдалануу жөнүндө
Май айыл округу эки айылдан турат Май жана Новодонецк жашоочулардын жалпы саны 4360, ал эми түтүнү 840, аларга тийиштүү айыл чарба багытындагы 3353 га жер катталган анын ичинен сугат жерге 2530 га жер тийешелүү, ошол эле учурда биздин айыл округунда кайракы жер жок. Ал эми мал багуу боюнча жайыттар 342 га жер бөлүнүп берилген эмес. Май айылдык округундагы орчундуу маселе бул жыл сайын жер астынан суу чыгып жаткан анык. Мисалы 2008-жылы 253 га, 2009-жылы 180га, ал эми 2010-жылы 2006га жерден суу чыккан. Жыл сайын райондук комиссия түзүлүп текшерүү иштери жүргүзүлүп акт түзүлөт жана тийешелүү мекемелерге берилет. Бүгүнкү күндө үлүшү боюнча 116 киши КБФ жер боюнча 19, ал эми огород 8 кишини жер салыгынан, соц.фондон төлөмүнөн бошотуу тизмелер такталып. Ар бир айыл боюнча аянттарды тактоо иштери аякталган.
Айыл чарба жерлердин айдоо аянты 2206 га жер тийиштүү. КБФ 501 га, огород аянты 601 га.Жер үлүшүн кубөлөндүрүүчү документтерин алууда 01.08.2010 – жылы 210 арыз берип кайрылышса, бүгүнкү күндө 90% жарандар кубөлүктөрүн колго алышты.
Май айылдык округунда КБФ-501 га 84 ижарага алуучуларга берилген. Ижара акысы гектарына 406 сомдон – 1100 сомго чейин төлөнүүдө. КБФдан түшкөн акча каражаттарды Май айылдык округундагы жүрүп жаткан жумуштарга жумшалууда. КБФ аукцион өткөрүүдө шарттарды толук аткарып, азыркы күндө “Манас жарчысы” гезитине жарыя берилип, аукционду өткөрүүгө даярдануудабыз. КБФдан 103га сугат жер аукционго коюлуп аукцион өткөрүлөт. КБФ картасы конторный ведомость жок.
- Суб ижарага берилген жерлер жок.
-Айыл чарба багытындагы жерлерден түшүм алып жаткан баяндамаларды берилген 4 сх.формасы менен так маалымат берип турабыз.
-Токой чарбасына 18 га жер бөлүнүп берилген.
-Суу фондусунун жерлерин аянты 2 га.
-Өнөр жайдын, ууна, байланыш, коргоону жерлеринин аянты – 11 га жер. Анын ичинен 1 га жер айдоо аянтына кирет.
Жогорудагы эске алуу менен Манас райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба багытындагы жерлерди натыйжалуу пайдалануу боюнча Май айыл округундагы жүргүзүлүп жаткан иштери белгиленсин.
2. Май айыл өкмөтүнө караштуу ижарага берилген жерлердин акысын өз убагында чогултуу жана түшкөн акча каражатын үнөмдүү, максатуу пайдалансын.
3. Манас райондук Кеңешинин кезектеги 13.09.2010-жылдын 10чу сессиясында депутаттардын сунуштары төмөндөгүдөй белгиленсин:
1) Дренаж боюнча республикадан адис чакыруу, жазуу түрүндө корутунду алуу.
2) Жабык дренаждарды жуудурууну үйлөө жолу менен иш жүргүзүү.
3) Тосулган дренажды ачуу.
4) Жер астынан чыккан сууларды, коңшу Казак Республикасынын сугатка пайдалануусун жоюу.
5 )Лоток системасын инвентаризация жасоо, кайра калыбына келтирүү, себеби жер арык менен сугаруу оорлотот.
6) Айылдын ген.планын иштеп чыгуу.
7) Баардык зыян суу сактагычтан болуп жаткандыктан сууну бекер кылып берүүнү өтүнүү.
4 Белгиленген сунуштарды жеринен карап чыгуу үчүн тийешелүү министрлике жана мекеме жетекчилеринин наамына кат жөнөтүү жагы жана биргеликте иш алып баруу Манас райондук мамлекеттик администрация башчысынын милдетин аткаруучу А. Маматовтон, Май айыл округунун айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Б.Джаналиевадан суралсын.
5 Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы “Агрардык жаратылышты жана экологияны коргоо боюнча” туруктуу комиссиясына ( Ж.Отунчиевке) жүктөлсүн.
Манас райондук Кеңешинин төрагасы |
Е.Т.Кузебаев |