ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин 6-чакырылышындагы 1-сессиясы
2017-жылдын 7-январы № 1/1
Жазы айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Жазы айылдык Кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясы эсептөө комиссиясынын 2017-жылдын 07-январындагы № 2 протоколунун негизинде, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазы айылдык Кеңешинин төрагасы болуп Акматов Жапарали Султаналиевич -1975-жылы туулган, улуту, кыргыз, билими жогорку, “ФИНКА Банктын” Өзгөндөгү филиалынын директорунун орун басары- шайлансын.
Төраганын орун басары | Э. Амракулова |