Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-январы № 3/2
Жазы айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиялардын курамын жана төрагаларын бекитүү жөнүндө
Жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Жазы айылдык Кеңешинин экинчи сессиясы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазы айылдык Кеңешинин төмөндөгү аталыштагы туруктуу комиссиялары бекитилсин:
1. Бюджет, экономика, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы.
2. Айыл чарба, энергетика, курулуш, транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы.
3. Социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясы.
4. Депутаттык этика, регламент, мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясы.
5. Жаштар саясаты, спорт, маданият боюнча туруктуу комиссия.
2. Бекитилген туруктуу комиссиялардын курамына төмөндөгү депутаттар шайланды деп табылсын.
1. Бюджет, экономика, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын курамы
· Камчыбеков Колдош- төрага
· Жаныбеков Болотбек
· Жолоев Аватбек
· Кулмаматова Гулнара
2. Айыл чарба, энергетика, курулуш, байланыш транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамына
· Мырзаев Түгөлбай-төрага
· Касымалиев Турсунали
· Мойдунов Боромбай
· Исаков Азамат
3. Социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын курамына
· Тургунбаева Сайрагул-төрайым
· Оморбеков Куваныч
· Жумашев Талантбек
· Дыйканбаев Анарбек
4. Депутаттык этика, регламент мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, жана диний иштери боюнча туруктуу комиссиянын курамына
· Апазов Асан-төрага
· Дыйканбаев Сыргак
· Ибраимов Таалайбек
· Ураев Бердали
5. Жаштар саясаты, спорт, маданият боюнча туруктуу комиссиясынын курамы
· Жумабаев Кумар-төрага
· Айтбаев Бекзат
· Айтиев Бексултан
Төрага | Ж. Акматов |