Редакцияот 11.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жазы айылдык кеңешинин 6-шайланган кезектеги 4- сессиясы

 

2017-жылдын 11-февралы № 7/4

Жазы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2017-жылга милдеттери жөнүндө

Жазы айылдык Кеңешинин (Vl) шайланган кезектеги lV сессиясы Жазы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жазы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыздоо боюнча жүргузүлгөн иштери көңүлгө алынсын.

2. Милдеттендирилсин айыл өкмөткө

·         Айылдардын социалдык-экономикасын көтөрүү, жергиликтүү бюджеттин көлөмүн көбөйтүү, инфраструктураларын жакшыртуу үчүн инвесторлорду тартуу;

·         2017-жылга салык топтоо болжол планын салыктын түрлөрү боюнча сапаттуу аткарууну камсыз кылуу

·         Айыл өкмөттүн аймагындагы мектептердин, бала бакчалардын директорлору менен бирдикте айыл өкмөттүн аймагындагы 5,5 тен 7 жашка чейинки балдарды мектепке чейинки билим менен толук кандуу жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана жаштарга сапаттуу билим алууга шарттарды түзүү

·         Турмуштун оор кырдаалга калган үй бүлөөлөргө жана балдарга социалдык колдоо көрсөтүү;

·         Айыл өкмөттүн 2017-2018 жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планын иштеп чыгуу жана 2017-жылдын 01-мартына чейин бекитүү

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж. Акматов