Загрузка документа…
МАНАС РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 13-сентябры № 67
Райондо кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча прокуратура тарабынан жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Манас райондук прокуратура башчысы З. Джумабековтун 2010 – жылдын 8 айында өзүнүн аткарган иши тууралуу маалыматын угуп, талкуулап. Манас райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас райондук прокуратура башчысы З. Джумабековтун маалыматы эске алынсын. (тиркелет)
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамын сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө көзөмөлдү күчөтүү жагы каралсын.
3. Райондук ички иштер бөлүмүнө кылмыштуулукка каршы күрөшү жана алдын – алуу боюнча методикалар менен камсыз кылуу жагы суралсын.
4. Райондун айыл округтарда жайгашкан коомдук алдын- алуу борбору жана коомдук тартипти сактоодо, аксакалдар соттору менен “Сакчы” топторунун жана башка түзүлмөлөр менен тыгыз байланышта иш алып баруу, ага теориялык жактан көмөк көрсөтүү жагы райондун прокурору З .Джумабековко тапшырылсын.
5. Манас райондук Кеңешинин кезектеги 10 чу сессиясындагы депутаттардын кылган сунушуна ылайык Үч – Коргон айыл округуна караштуу Г.Малаев атындагы орто мектебинин директору маркум Н.Турсунбаевтин өлүмүнө байланыштуу, окуяны текшерүү үчүн 9 кишиден турган комиссия түзүлсүн:
1) Отунчиев С.С. – райондук Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби жана этика боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы, ушул комиссиянын төрагасы.
2) Мураталиева Р – райондук Кеңештин депутаты, Баялыш атындагы орто мектебинин директору, комиссиянын мүчө.
3) Орозалиев С.Ж.- Үч-Коргон айылдык округунун айылдык Кеңешинин төрагасы, мүчө.
4) Мырзаев Азим - Үч-Коргон айылынын аксакалдар сотунун төрагасы, мүчө.
5) Курманкожоев Т.Б.- Манас райондук Э.Б.Б.Б. кошундар кеңешинин төрагасы, мүчө.
6) Бапиева Токтокан – Өкмөттүк эмес уюм, мүчө.
7) Жолдошева Тамара – Манас райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары, мүчө.
8) Айтматова Алтынай – Үч – Коргон айыл округунун жооптуу катчысы, мүчө.
9) Сарыбаев Бактыбек – Үч - Коргон айыл округунун участкалык милициясы, мүчө.
6. Түзүлгөн комиссия райондун прокуратурасына жана РИИБнө иликтөө, териштирүү ишине көмөк көрсөтсүн.
7. Ушул токтомду такай көзөмөлгө алуу жагы “Мыйзамдуулук, укук тартиби жана этика боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы ( С.Отунчиевке) милдеттендирилсин.
Манас райондук Кеңешинин төрагасы |
Е.Т.Кузебаев
|
Кыргыз Республикасынын "Прокуратура жөнүндөгү" Мыйзамынын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокурордун 2006 - жылдын 3 - майындагы жалпы көзөмөлдүн эффективдүүлүгүн күчөтүү боюнча чыгарган 12 сандуу буйругунун жана 22.12.2009 - жылдагы 22 сандуу буйругунун талаптарын аткарууда райондун аймагында мыйзамдуулукту сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө көзөмөлдү күчөтүүдө Манас районунун прокуратурасы тарабынан сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрешүүдө көзөмөлдү күчөтүүдө Манас районунун прокуратурасы тарабынан төмөндөгүдөй алгылыктуу иш аракеттер жүргүзүлдү.
Тармактар боюнча бөлүп Караганда мыйзамдардын жана укуктук актылардын так жана бирдиктүү аткарылышын текшерүүдө, 2010 - жылдын 1чи жарым жылдыгында 39 текшерүү жүргүзүлүп ар кандай прокурордук чаралар көрүлгөн.
Келтирилген прокурордук чараларды Сиздерге түшүнүктүү болуу үчүн мыйзам тармактарына бөлүп таблица Караганда төмендөгүчө көрүнөт:
Мыйзамдардын аталышы |
| 2010 жыл | |
1 | Менчик жөнүндө |
| 3 |
2 | Кредиттерди оз багыты боюнча пайдалануу жөнүндө |
| 1 |
3 | Ишкерлик жана инвестиция укуктарын коргоо жөнүндө |
| 2 |
4 | Жер мыйзамдары жөнүндө |
| 1 |
5 | Салык жөнүндө |
| 4 |
6 | Эмгек мыйзамы жарандарды социалдык жактан коргоо жөнүндө |
| 6 |
7 | Бажы мыйзамдары боюнча |
| 1 |
8 | Менчиктештирүү жөнүндө |
| - |
9 | Отун - энергетика мыйзамдары жөнүндө |
| 1 |
10 | Мамлекеттик органдардын администр. Иштери жөнүндө |
| 2 |
11 | Экология мыйзамдары жөнүндө |
| 2 |
12 | Арыз даттануулар женүндө |
| 2 |
13 | Коррупция жөнүндө |
| 1 |
14 | Банк мыйзамдары боюнча |
| 1 |
15 | Декларация жөнүндө |
| 1 |
16 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча |
| 1 |
17 | Мамлекеттик кызмат жөнүндө |
| 1 |
18 | Башка тармактар боюнча |
| 9 |
| Жалпы |
| 39 |
Жогорудагы көрсөтүлгөндөй 2010-жылдын 1чи жарым жылдыгында жалпы 39 текшерүүнүн жыйынтыгында 11 протест, 20 сунуш, 36 талап, 11 алдын ала эскертүү берилип, 2 административдик жана 6 кылмыш иши козголуп, келтирилген прокурордук актылардын негизинде жеке жарандар жана дыйкан чарбалар тарабынан 136013 сом мамлекеттин жана айылдык округдардын пайдасына өндүрүлүп, 28 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылып 2 адам административдик чарага кириптер болгон. Бул текшерүүлөрдү мыйзам тармактарга бөлүп карай турган болсок төмендөгүдой:
Тармактар боюнча
Менчик мыйзамдары жөнүндө
2010-жылдын 1 чи жарым жылдыгында 3 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 2 протест, 1 сунуш, 1 талап келтирилип жыйынтыгында 1 кызматкер тартиптик чарага кириптер болгон.
Мисалы: Манас районунун Покровка айылдык округу тарабынан Покровка айылдык Кеңешинин 07.11. 2009 жылдагы № 23 чакырылышындагы № 5 сессиянын чечими менен Покровка айылдык округунун балансында турган Покровка айылынын М. Горький көчөсүндөгү № 111 үйүн, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү" Мыйзамынын 13, 19 бер.жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13.08.2005 -жылдагы №370 токтому менен бекитилген Жобосунун 2-6. 11-п. көрсөтүлгөн талаптарын бузуу менен 2.02.2010- жылы аукцион аркылуу сатылган үй мыйзамсыз болгондуктан, Манас районунун прокуратурасы тарабынан жогорудагы турак үйдү сатуу тууралуу Покровка айылдык Кеңешинин 07.11.2009-жылдагы №23 токтомуна жана Покровка айылдык округунун 09.11.2009-жылдагы №238 токтомуна протест берилип .протест толугу менен канаттандырылып, сатылган турак жай кайрадан Покровка айылдык округунун балансына алынды
Каржы, насыя мыйзамдары боюнча
Райондук прокуратура тараптан Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн кепилдиги менен чет элден алынган насыялардын максаттуу пайдаланышына жана өз учурунда кайтарылышын КР Экономиканы өнүктүрүү фондусунун Манас районундагы өкүлчүлүгүнө текшерүү жүргүзүүдө, "Азиза" дыйкан чарбасынын жетекчиси Р. Абдразаков 15.08.2008-жылы эки тараптуу түзүлгөн келишимдин негизинде 3500 кг. уруктук буудайды 01.12.2009 - жылга чейинки кайтаруу мөөнөтү менен алып, 01.01.2010-жылга карата 27500 сом насыянын калган суммасын төлөедөн четтеп келгени аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аталган дыйкан чарбасынын башчысына мыйзам бузуучулукту четтетүү тууралуу 11.01.2010-жылы талап келтирилип, 14.01.2010-жылы толугу менен насыянын калган суммасы төлөнгөн.
Ишкерлик жана инвестициялык укуктарды коргоо жөнүндө
2010-жылдын 1чи жарым жылдыгында 2-текшерүү жүргүзүлүп жыйынтыгы менен 2 сунуш көзөмөлдөөчү органдын кызматкерлерине карата тартиптик чара көрүү үчүн келтирилип, 1-талап, 3 адам тартиптик жазага кириптер болгон.
Мисалы: Манас районунун санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдеө борборунун дарыгери Г.Чабаева 12.02.2010-жылы Покровка айылындагы аймактык оорукананын имаратында жайгашкан жеке менчик "Адинай" дары-дармек сатуучу дарыкананы текшерип, санитардык талабына жооп бербегенине байланыштуу жаптырып салган.
Райондук прокуратура тараптан текшерүүдө, райондук санитардык кезөмөлдөө борборунун санитардык дарыгерлери "Адинай" дары-дармек сатуучу дарыкананы текшерүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18.09.2009-жылдагы №591 токтому менен бекитилген "Жеке ишкерлерге карата текшерүүлөрдү дайындоо жана текшерүү актыларын каттоо тууралуу" тартибинин 4,5 п. талаптарын одоно бузуп, прокуратура органдары тарабынан алдын-ала катталуудан өтпөстөн, өз алдынча текшерүү жүргүзүлгөнү аныкталган.
16.02.2010 - жылы мыйзам бузуучулуктарга жол берген Г. Чабаевага карата тартиптик чара көрүү үчүн сунуш жана тез аранын ичинде "Адинай" дары - дармек сатуучу дарыкананы ачуу үчүн талап келтирилип, жыйынтыгында дарыкана ачылуу менен Г.Чабаевага карата эскертүү берилген.
Жер жөнүндө
2010 - жылдын 1чи жарым жылдыгында 1текшерүү жүргүзүлүп 1талап берилип мыйзам бузуучулук четтетилген.
Мисалы: Покровка айылындагы Ольховская көчөсү менен М.Горький көчөсүнүн кесилишиндеги аялдамага жеке ишкер Т.Ниязов соода иштерин жүргүзүү үчүн узундугу 14м.болгон контейнер койгон.
Контейнер турган жерден өтүүчү авто-жол Кыргыз Республикасынын "Автомобил жөнүндөгү" Мыйзамынын 1 бер. негизинде 3 категориядагы авто -жолдун катарына киргендиктен, контейнер жолдун ортосуна салыштырмалуу 14 м. аралык алыстыкта туруусу жол жүрүү коопсуздугунун талабына жооп берери аныкталган. Ал эми контейнердин турган оорду бул мыйзамдын талабына жооп бербегенине байланыштуу 10.03.2010-жылы Т.Ниязовго карата мыйзам бузуучулукту четтетүү тууралуу талап келтирилип, өз учурунда мыйзам бузуучулук четтетилип контейнер аялдамадан башка жакка алынган.
Салык мыйзамдары боюнча
2010-жылдын 1чи жарым жылдыгында 4 текшерүү жүргүзүлүп 7 талап ,6 алдын-ала эскертүү берилип106513 сом өндүрүлгөн.
Мисалы: Покровка айыл округунда "ОсОО" Манас Күмүш-Так коому Манас районунун салык кызматкерлеринин талаптарын оз учурунда аткарбастан 2009-жылдан бери келе жаткан жер салыгы ,киреше салыгы болгон жалпысынан 51900 сом салык акчасын төлөөдөн негизсиз толоодон четтеп келе жаткандыктан мыйзам бузуучулукту четтетүү тууралуу аталган коомдун ишканасынын жетекчисинин наамына 10.06.2010-жылы талап келтирилип, 15.06.2010-жылы 34930 сом өндүрүлгөн.
Жарандардын эмгек жана социалдык жактан коргоо жөнүндө
2010-жылдын 1чижарым жылдыгында 6 текшерүү жүргүзүлүп ,9 протест,7 сунуш келтирилип жыйынтыгында 6 кызматкер тартиптик жазага кириптер болгон.
Мисалы: Кыргыз Республикасынын ӨкмөтүнүнЮ.12.2009 -жылдагы №753 токтому менен КР Эмгек кодексинин 13 бер. негизинде 2009 -жылдын 31-декабрындагы жумуш күнү 26-декабрындагы дем алыш күнүнө ,2010-жылдын 5-6 жана 8 январындагы күндөрү 2010-жылдын 16,23,30 январындагы жана 6-февралындагы дем алыш күндөрүнө жумушчу күн катары которулган.
Бул талаптын аткарылышын Манас районунун маданият бөлүмүндө 06.02.2010-жылы текшерүүдө, аталган мекеменин айрым кызматкерлери жумуш убактысында эмгек ордуларында жоктугу аныкталган. Мыйзам бузуучулукту четтетүү менен алдын- алуу үчүн жана тийиштүү кызматкерлерге карата тартиптик чара көрүү максатында 08.02.2010-жылы райондук маданият бөлүмүнүн башчысына сунуш берилип ,жыйынтыгында 3 кызматкери тартиптик чарага кириптер болгон.
Отун-энергетика мыйзамдары жөнүндө
2010-жылдын 1чижарым жылдыгында 1 текшерүү жүргүзүлүп 1 талап келтирилген. Мисалы: Манас районунун прокуратурасы тарабынан ,көзөмөлдөөчү органдардын кайталоочу кызматтык иштерин аткарбоо үчүн, Манас районунун электр тармактар башкармалыгы 10.02.2010-жылы текшерилип , текшерүүдө абоненттердин дебитордук карыздарды өндүрүүдө тийиштүү иш чаралар жүргүзүлбөй, Кыргыз
Республикасынын "Энергетика жөнүндөгү" Мыйзамынын 15-1 бер. талаптарынын бузулушуна жол берилип жатканы аныкталган. 10.02.2010-жылы мыйзам бузуучулукту четтетүү тууралуу электр тармактар түйүнүн башчысына талап келтирилип, канаттандырылып мыйзам бузуучулук четтетилген.
Мамлекеттик органдардын административдик иштери жөнүндө
2010-жылдын 1чижарым жылдыгында 2 текшерүү жүргүзүлүп анын жыйынтыгы менен 2 сунуш берилип,3 адам тартиптик жоопкерчиликке тартылган.
Мисалы: Манас районунун прокуратурасы тарабынан ,Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 77-бер. жана Кыргыз Республикасынын Прокуратура жөнүндөгү мыйзамынын 3-беренесинин талаптарына ылайык ,Манас районунун салык кызматы текшерилип, текшерүүдө салык тармагы боюнча административдик чараларды көрүүдө КР АЖжКнин талаптарына жол берген фактылар аныкталган.
19.03.2010 -жылы мыйзам бузуучулукту четтетүү менен тийиштүү адамдарга карата тартиптик чара көрүү тууралуу Манас районунун салык кызмат башчысына сунуш берилип, жыйынтыгында 2 кызматкери кетирген кемчиликтери үчүн тартиптик жазага кириптер болушкан.
Арыз даттанууларды кароо жөнүндө
Ал эми 2010-жылдын 1чи жарым жылдыгында 2 текшерүү болуп 5 сунуш келтирилип,6 адам тартиптик жазага кириптер болушкан.
Мисалы: Покровка айыл округунда Кыргыз Республикасынын " Жарандардын кайрылуусунун кароо тартиби жөнүндөгү" Мыйзамынын аткарылышын текшерүүдө ,аталган мыйзамдын 4,8 бер. талаптарынын бузулушуна жол берилген фактылары аныкталган . 10.03.2010-жылы Покровка айылдык округунун жооптуу катчыга тартиптик чара көрүү үчүн К.Ниязалиевтин өзүнө карата тартиптик чара көрүү үчүн Манас районунун администрация башчысына сунуш келтирилип, жооптуу катчы С.Бүркүтбаевге сөгүш ,айыл округ башчысы К. Ниязалиевке эскертүү берилген.
Экология мыйзамдары боюнча
2010 - жылдын 1 чи жарым жылдыгында 2 текшерүү жүргүзүлүп, 2 кылмыш иш козголгон. Мисалы: Покровка айылынын тургуну Дундоев Ахмет, Покровка айыл округуна караштуу Покровка айылынын күн батыш тарабындагы Талас суусунун жээгиндеги диаметри 20 см. болгон 6 түп суу жийделерин эч кандай уруксаты жок кыйып алган жеринен кармалган.
23.03.2010 - жылы Манас районунун прокуратурасы тарабынан КР КЖКнин 297-бер. 1-6. менен № 167-10-31 сандуу кылмыш иши козголуп, ага карата айыбы 29.03.2010 - жылы КР КЖКнин 279-бер. негизинде бузулуп соттук кароого жөнөтүлгөн.
Тергоо учурунда айлана чөйрогө 9608 сомду түзгөн зыян толугу менен өндүрүп, Талас облустук экология башкармалыгынын эсебине которулган.
Башка мыйзамдар боюнча
2010 - жылдын 1 чи жарым жылдыгында 9 текшерүү жүргүзүлүп анын жыйынтыгы менен 2 сунуш, 6 талап, 3 алдын ала эскертүү берилип, 2 административдик ендүрүш иши козголуп 4 тартиптик, 2 адам административдик жоопкерчиликке кириптер болушуп, 2 кылмыш иши козголгон
мыйзамы | текшерүү | келтирген | Каралган ны | Кел-н сунуш | каралганы | келтирилген | келтиөген | Адм, жана | Келтирген диц | Келтирген ген адм | кылмыш | Өнгөн сумма |
Жалпы | 9 |
|
| 2 |
|
| 6 | 3 | 4 | 2 | 2 |
|
КР "мамлекеттик симво жөнүндө мыйзам | 1 |
|
|
|
|
| 5 |
|
|
|
|
|
КР "Коомдук саламаттыгын сактоо жон | 2 |
|
|
|
|
|
| 2 |
| 2 |
|
|
КР "Ветеринария жөнүндө" | 1 |
|
|
|
|
| 1 |
|
|
|
|
|
КР "Мамлекеттик валюта жен | 1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
| 1 |
|
КР "Мамлекеттик бюджет үнөмдөө | 3 |
|
| 3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
КР ЖПКнин З-б. 16гл | 1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
КР Жарандарын абалын, актыларын каттоо жөнүндө мыйзамдардын аткарылышы | 1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
| 2 |
|
1. Мисалы: Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик символ жөнүндөгү" Мыйзамынын аткарылышы Манас районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 13.01. 2010 - жылы текшерүү жүргүзүлүп, текшерүүдө Покровка, Кайыңды , Үч - Коргон, Май жана Кыргызстан айылдык округтарында, жогоруда аталган мыйзамдын 4-бер. талаптары бузулуп, айылдык округдарынын алдында Кыргыз Республикасынын символу болгон желектин жоктугу аныкталган.
14.01.2010-жылы бул мыйзам бузуучулуктарды четтетүү тууралуу айылдык округтун башчыларын наамына талап келтирилип, мыйзам бузуучулуктар четтетилген.
2. 22.01.2010 - жылы райондук прокуратура тараптан санитардык - эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборун дарыгерлери менен бирдикте мектептерде жаш өспүрүм балдарга шашке тамакты берилишин санитардык ченемге талап келиши текшерилип, текшерүүдө Май айылдык округунда Б.Узенов атындагы орто мектепте санитардык ченемдин талаптары бузулганы аныкталган.
28.01.2010-жылы аталган мектептин директору У. Иманкуловага карата КР АЖжКнин 90-бер. негизинде административдик өндүрүш иш козголуп АЖжКнин 514 - берен. негизинде кароо үчүн райондук санитардык -эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгерине жөнөтүлүп, аталган мектептин директору У. Иманкуловага карата 1000 сом айып салынган.
3. Кыргыз Республикасынын "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы Манас районунун мамлекеттик ветеринария башкармалыгы текшерилип, текшерүүдө аталган мыйзамдын 43 - бер. 5-п. талаптары бузулуп, малдарга арналган "Яшур", "Оспа" вакциналары техникалык сактоо эрежелерин бузуу менен сакталып турганы аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 15.02.2010 - жылы Манас районунун ветеринария башкармалыгын башчысынын наамына мыйзам бузуучулукту четтетүү тууралуу талап келтирилип, жыйынтыгында мыйзам бузуучулуктар четтетилген.
4. Покровка айыл округу менен Кайынды Кант заводунун ортосунда эки тараптуу келишим түзүлүп, келишимдин негизинде дыйкандарга кант кызылчасынын уругун таркатуу менен акчасын 15.12.2009-жылга чейин Покровка айылдык округу тарабынан дыйкандардан өндүрүп берүү тууралуу көрсөтүлгөн.
Бирок, Покровка айыл округунун тургундары Т. Турумов, 3. Сыйдалиев жана Г.Эсенкановалар кант кызылча уругунун акчасын берүүдөн негизсиз баш тартып келгендиктен, 07.05.2010 - жылы Манас районунун прокуратурасы тарабынан аларга мыйзам бузуучулукту алдын алуу тууралуу алдын- ала эскертүү берилип, жыйынтыгында Покровка айылдык округунун пайдасына 3000 (үч миң) сом өндүрүлгөн.
5. 2010 - жылдын 28 - апрелинде Манас районунун Покровка айылындагы М. Кояшев көчөсүндө жайгашкан М. Сатишовага караштуу эт сатуучу павильонунда санитардык - эпидемиологиялык ченемин сактабай эт сатып жаткандыгы аныкталган.
Кыргыз Республикасынын "Коомдун саламаттыгын сактоо жөнүндөгү" 2009- жылдын 24- июнундагы №248 сандуу Мыйзамынын талаптарын бузган М. Сатишовага карата Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик 286 - беренесинин 1 - бөлүмү менен административдик өндүрүш иши козголуп, анын жыйынтыгы менен Манас районунун санитардык - эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан ага карата 2010 - жылдын 4- майында 300 сом айып салынган.
6. 12.01. 2010 - жылы саат 18:00 чамаларында Манас районунун Чоң - Капка постунун жанындагы М. Чылманбетовго тиешелүү болгон азык - түлүк сатуучу дүкенгө күрт улутундагы болжолу 30-35 жаштагы адам 5000 сом купюрасы менен соода жасап жатканда дүкөндүн ээси тарабынан билинип калып, ал адам окуя болгон жерден
кетип калганы тууралуу ошол эле күнү Манас районун прокуратурасына маалымат келип түшкөн.
Райондук прокуратура тараптан ошол эле учурда текшерүү иштери жүргүзүлүп, сатып өткөрүүгө аракет кылган адам такталбагандыктан соттук-техникалык экспертизанын кортундусунун негизинде 5000 сом купюра жасалма жол менен жасалганы аныкталган.
КР "Улуттук банк жөнүндөгү" Мыйзамынын 15-бер. ылайык "Банкнотторду, монеталарды жана акча бирдиктерин чыгаруу алып коюуу укугу КР улуттук банкына гана таандык экендиги" жана ушул эле мыйзамдын 16-бер. талаптарына ылайык, КР акча бирдиктерин жасалма жана мыйзамсыз даярдоо чыгаруу КР мыйзамы боюнча жоопко тартылаары көрсөтүлгөн.
Андыктан бул факты боюнча КР КЖКнин 198-бер. 1- б. корсотүлгон кылмыштын белгилери байкалгандыктан, 14.04.2010-жылы аталган берене менен 167-10-07 сандуу кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү караштуулугу боюнча Талас облустук прокуратурасына жөнөтүлгөн.
7. У.Кубандыкова Манас районунун Май айыл округунун жооптуу катчы кызматында 1974- жылдан тартып 2008- жылдын сентябрь айына чейин иштеп туруп өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегине аша чаап Манас районунун Май айылында 2007 - жылдын 13-декабрында туулган Кавазова Камилага карата карата туулгандыгы тууралуу күбөлүктү Кавазов Кемалдын кызы экендигине карабастан анын агасы Кавазов Жамалды атасы деп жасалмалоо жолу менен мыйзамсыз жазып бергендиги аныкталган. Бул факты боюнча 2010 - жылдын 10-июнунда У. Кубандыковага карата Кыргыз Республикасынын КЖКнин 305- бер. 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү тергөө аракеттерин жүргүзүү менен соттук кароого жөнөтүлүп мыйзам чегинде чечим кабыл алынган.
Кирешелерди декларациялоо жөнүндө
2010 - жылдын 1 чи жарым жылдыгында 1 текшерүү жүргүзүлүп, 1 сунуш, 15 талап келтирилген Мисалы: кыргыз Республикасынын 11.08.2005- жылы чыккан "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" жана Кыргыз Республикасынын "Саясий жана башка кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо тууралуу" Мыйзамдарынын аткарылышын Манас РИИБнүн текшерүүдө баардык тийиштүү кызматкерлери өздөрүнө жана жакын үй -бүлөлөрүне тийешелүү болгон мүлктөр тууралуу маалыматты 12.03.2010 - жылга карата тапшырбагандыктары аныкталган.
12.03.2010-жылы мыйзам бузуучулукту четтетүү тууралуу РИИБ нүн 15 кызматкерине талап жана өз учурунда көзөмөл жүргүзбөген тийиштүү РИИБнүн кызматкерлерине карата тартиптик чара көрүү үчүн сунуш берилип, жыйынтыгында мыйзам бузуучулук четтелген.
Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө
2010 - жылдын 1чи жарым жылдыгында 1 текшерүү жүргүзүлүп, 1 талап келтирүү менен мыйзам бузуучулук четтетилген.
Мисалы: Покровка айылдык округунда "КР мамлекеттик сатып алуу жөнүндө" Мыйзамынын 5 - бөлүмүнүн 7 - п. талаптарын бузуп, тендердик комиссияны түзүүдө, сатып алуу комиссиясы 7 - кишиден кем эмес курамда түзүлүү менен бир мүчөсү милдеттүү түрдө сатып алуу боюнча адис калган мүчөлөрү сатып алууга байланыштуу болгон тармакта адис болуусу зарыл тууралуу талаптар бузулуп, комиссия түзүлбөй, сатып алуу боюнча милдетти эч кимге жүктөлгөн эмес.
11.03.2010- жылы мыйзам бузуучулукту четтетүү тууралуу Покровка айылдык округ башчысына талап келтирилип, талапта көрсөтүлгөн мыйзам бузуучулук оз учурунда четтетилди.
Мамлекеттик кызмат жөнүндө
2010- жылдын 1чи жарым жылдыгында 1 текшерүү жүргүзүлүп, 2 талап келтирилип, талапта көрсетүлгөн мыйзам бузуучулук четтетилген.
Мисалы: Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 33- беренесинде, мамлекеттик кызматынын курамына кирген мамлекеттик кызматкер өздөрүнө жана жакын үй - бүлө мүчөлөрүнө таандык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк жана кирешелер жөнүндө маалыматтарды камтыгын декларацияны толтуруп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенствосуна жөнөтүүгө тийиштиги көрсөтүлгөн.
Ал эми айрым мамлекеттик ишкананын кызматкерлери тарабынан бул талаптар аткарылбагандыктан прокурордук чаранын негизинде мыйзамдаштырылган.
Кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана тергөө багытында прокурордук көзөмөлдүн абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2009 - жылдын 22 - декабрындагы № 22 сандуу буйругунун негизинде прокуратура органдарынын ишмердүүлүгү боюнча баяндама жана маалыматтарды берүүнүн тартиби женүндөгү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2006 - жылдын 3- майындагы № 11 сандуу жана 2007 - жылдын 5- сентябрындагы №24 сандуу буйруктарынын аткарылышыш боюнча Манас райондук прокуратурасы тарабынан 2010 - жылдын 6 айында аткарылган иштери
2010 - жылдын 6 айында Манас райондук прокуратурасы тарабынан кылмыштарды каттоо журналына жалпысынан 9 кылмыш жөнүндө билдирүү түшкөн, 6 билдирүү боюнча текшерүү жүргүзүлүп кылмыш иши козголгон. Ал эми 3 билдирүү боюнча кылмыш иш козгоодон баш тартылган.
Манас райондук прокуратурасы тарабынан 2010-жылдын 6 айында 9 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен 3 кылмыш иши сопун кароосуна жөнөтүлгөн.
1. 2010 - жылдын 14 - январында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 198-бер. 1-6 менен 167-10-07 сандуу кылмыш иши козголуп Талас облустук прокуратурасына жактулуучу боюнча жиберүүгө жөнөтүлгөн.
2. 2010 - жылдын 12 - февралында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 297-бер. 1-6 менен 167-10-16 сандуу кылмыш иши козголгон.
3. Манас районунун прокурорунун ага жардамчысынын А.Эшимбековдун маалыматынын негизинде топтолгон материал боюнча 2010 - жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 28-204 бер. 1-6 менен 167-10-13 сандуу кылмыш иши козголуп, 2010 - жылдын 14 - февралында Кыргыз Республикасынын 163 - бер. негизинде тергөөнүн караштуулугу боюнча Талас облустук прокуратурасы аркылуу облустук каржы полициясына тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн жөнөтүлгөн.
4. Манас районунун прокуратурасынын тергөөчүсү К.Абдишов тарабынан 2010 - жылдын 10 - июнунда Кыргыз Республикасынын КЖКнин 305-бер. 1-6 жана 315 - бер. менен 167-10-39 сандуу кылмыш иши козголгон.
5. Манас районунун прокуратурасынын тергөөчүсү К.Абдишов тарабынан 2010 - жылдын 23 - мартында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 279-бер. 1-6 менен 167-10-31 сандуу кылмыш иши козголгон.
6. Манас районунун прокуратурасынын тергөөчүсү К.Абдишов тарабынан 2010 - жылдын 31 - майында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 304 - бер. 2-6 менен 167-10-34 сандуу иши козголгон.
2010-жылдын 6 айында Манас райондук прокуратурасы тарабынан тергөө араке пери жүргүзүлүп соттун кароосуна женөтүлгөн кылмыш иштер боюнча
1. 2010 - жылдын 23 - мартындагы анчылык департаментинин Талас өкүлчүлүгүнүн кайрылуусунун негизинде Манас райондук прокуратурасы тарабынан Манас районунун Покровка айылынын тургуну Дундоев Ахмет 2010 - жылдын 27 - февралында 13 даана жийде багын мыйзамсыз кыйып, Талас областтык айлана чөйрөнү коргоо департаментине жалпысы 9608 сомдук материалдык зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, 2010 - жылдын 23 - мартында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 279-бер. 1-6 менен 167-10-31 сандуу кылмыш иши козголгон. Козгогон кылмыш иши боюнча тергөө жүргүзүлүп, 29 - март 2010 жылы кылмыш иши райондук соттун кароосуна жөнөтүлгөн. 2010 - жылдын 21 -апрелинде кылмыш иш сотто каралып, өндүрүштөн кыскартылган. Келтирилген зыян ордуна коюлган.
2. Кубандыкова Уулбүбү Абдувахитовна Манас районунун Май айылдык округунун жооптуу катчысы кызматында 1974 - жылдан тартып 2008 - жылдын сентябрь айына чейин иштеп турган учурда, 2008 - жылдын 9- февралында Кыргыз Республикасынын "Жарандык актыларды каттоо жөнүндө" мыйзамынын 52 -беренесинин 4 - бөлүмүндө, "Бала төрөлгөн учурда оз ара никеде турбаган баланын атасы деп таанылгандыгы жана ал атасы экендигин аныктоого энесинин макүлдугү тастыкталууга тийиш жана арыз берүүчүлөр аталыкты
аныктоо жөнүндөгү биргелешкен арызга кол коюшат жана аны түзгөн дата көрсөтүлөт" деп белгиленген талаптарын аткарбастан өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектерине аша чаап, Манас районунун Май айылында 2007 - жылы 13 - декабрында туулган Кавазова Камилага карата туулгандыгы тууралуу күбөлүктү Кавазов Кемалдын кызы экендигине карабастан анын агасы Кавазов Жамалды атасы деп жасалмалоо жолу менен мыйзамсыз жазып бергендиги аныкталган.
Манас районунун прокуратурасынын тергөөчүсү К.Абдишов тарабынан 2010 - жылдын 10 - июнунда Кыргыз Республикасынын КЖКнин 305 - бер. 1 - б жана 315 - бер. менен 167-10-39 сандуу кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүп, 2010 - жылдын 25 - июнунда райондук соттун кароосуна жөнөтүлгөн.
2010-жылдын 23- июлунда кылмыш иш Манас райондук сотунда каралып, У.Кубандыковога карата Кыргыз Республикасынын КЖК 65 - бер. КР ЖПКнин 29-бер. 1 - б.1-п. негизинде өндүрүштөн кыскартылган.
2010-жылдын 6 айында Манас районунун прокурору тарабынан жарандардын жеке суроолору боюнча 42 жаранды жеке кабыл алган. Ал эми оперативдик кызматкерлер тарабынан ар кандай суроолор менен 16 жаран кабыл алынган. Кайрылган жарандарга мыйзам чегинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
2010 - жылдын 1 - январына карата 3 арыз калдыкка калган. 2010 - жылдын 6 айында Манас райондук прокуратурасына жарандардан 14 арыз даттануу катталган. Алардын ичинен 7 арыз даттануу канаттандырылса, 7 арыз боюнча арызда көрсөтүлгөн дооматтар аныкталбагандыктан канаттандыруусуз калтырылып, арыз ээлерине түшүндүрүү менен билдирүүлөр берилген.
Манас ИИБнун тергөө бөлүмүнө прокурордук көзөмөл жүргүзүүнүн абалы жөнүндө.
2010 - жылдын 6 айында Манас райондук ИИБнун кылмыштарды каттоо китебине 112 кылмыш боюнча маалыматтар катталган. КаттАлган маалыматтардын ичинен 34 кылмыш иши козголгон, анын ичинен 68 материал боюнча Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 156-1 бер.жана 28-бер. негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартылган, кылмыш иши караштуулугу боюнча 1 материал Талас шаардык ИИБно 5 материал боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Манас райондук ИИБнун кылмыштарды каттоо китеби боюнча катталган 6 материал райондук прокуратура тарабынан кылмыш иш козголгон.
2010 - жылдын 6 айында райондук ИИБ ТБсу тарабынан өндүрүштөгү 53 кылмыш ичинен, 33 кылмыш иши райондук соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Сотко жөнөтүлгөн кылмыш иштин ичинен аял жана жашы жете элек балдар жок.
РИИБму тарабынан 2010 - жылдын 6 айында козголгон кылмыш иштерди Кыргыз Республикасынын КЖКнин 9 - бер. негизинде классификацияласак төмөндөгүдөй: Оор эмес кылмыш иштеринин ичинен 2 өзгөчө оор кылмыш иши, 10 оор кылмыш иши, 21 кылмыш иши анча оор эмес кылмыштар.
2010-жылдын 6 айында КУПка 112 кылмыш боюнча билдирүүгө катталып текшерүү жүргүзүлүп, 3 күндүк мөөнөтүн ичинде 41 кылмыш туурасында арыз билдирүүлөр мыйзам чегинде чечим кабыл алынган, 62 кылмыш боюнча билдирүүгө текшерүү жүргүзүлүп, 10 күндүк мөөнөтүн ичинде мыйзам чегинде чечим кабыл алынган. Кылмыш иши караштыруу боюнча 1 материал Тасал шаардык ИИБ не жөнөтүлгөн, калган 8 материал боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
2010-жылдын 6-айында Манас районунун прокурору тарабынан 6 кылмыш иши боюнча тинтүүгө жана алууга 8 санкция берилген. Өндүрүштөгү иштер боюнча 14 кылмыш ишке көрсөтмө берилген.
2010- жылдын 6 айында кылмыш иши козгоодо баш тартылган материалдар көзөмөл иретинде окулуп 5 материал кошумча текшерүүгө жөнөтүлгөн, алардын ичинен 3 материал 2009 -жылда кылмыш иш козгоодон баш тартылган материалдар.
2010-жылдын 6 айында жана өндүрүштөгү кылмыш иштерден тергөөдө кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча соттон кайрылган ,соттоо каралган кылмыш иштерден айыпкерлерге карата актоо өкүмү чыккан кылмыш иштер жок.
Мыйзамсыз кармалган адамдар жок, ошондой эле бөгөт коюуу чарасы райондук сот тарабынан жеке кепилдикке жана эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алынган айыпкерлер тергөө аракеттерин жүргүзүү учурунда качып кеткен жана соттук текшерүүгө келбей койгон фактылар жок.
Ошондой эле өндүрүштөгү кылмыш иштин ичинен Кыргыз Республикасынын ЖПК нин 149- бер. негизинде өзүнчө ондүрүшкө бөлүнүп кабыл алынган кылмыш иштер жок. 2010 - жылдын 6 айында өндүрүштегү кылмыш иштин ичинен Кыргыз Республикасынын ЖПК нин 148 -бер. негизинде 7 жазык иштерди бир өндүрүшкө бириктирилип тергоо аракеттери жүргүзүлгөн кылмыш иштери болгон.
2010 жылдын 6 айында өндүрүштөн Кыргыз Республикасынын ЖПК нин 221 бер.1-б.3-п менен 3 кылмыш иш 221 -бер.4-п менен 1 кылмыш өндүрүштөн токтотулган .Бул токтомдо кылмыш иштерге оз учурунда көзөмөл болгондуктан токтотуу токтомдору бузулбаган.
2010 -жылдын 6 айында Манас райондук прокуратурасы тарабынан Манас райондук сотунда каралган кылмыш жана жарандык иштер боюнча прокурордук көзөмөлдүн абалы жөнүндө.
2010- жылдын 6 айында Манас райондук соту тарабынан 35 кылмыш иши 41 адамга карата каралган.
Таблица түрундө төмөндөгүдөй:
Анын ичинде | Көрсөткүчтөр | 2010 жылдан 6 айы |
Манас райондук сотуна 2010-жылдын 6 айында каралган кылмыш иштер | 35/41 | |
Айыптоо өкмотү | 18/22 | |
Актоо өкмөтү | ||
Мүчүлүктүрдү жоюу үчүн тергөөгө кайтарылганы | ||
Сот өндүрүшүндө кыскартылган кылмыш иштер | 17/19 | |
Мажбурлап медициналык чара колдонуу | Жок | |
Сот өндүрүшүндө токтотулган кылмыш иштери | жок |
Апелляциялык инстанцияда каралалган кылмыш иштер
Көрсөткүчтөр | 6 ай. 2010 жыл | |
Баардыгы апелляциялык тартипте каралганы | 3 | |
Алардын ичинен | Прокурордун оунушу боюнча | 3 |
Тараптардын арызы боюнча | ||
Алардын ичинен | Өзгөртүүсүз калтырылганы | |
Алардын ичинен прокурордун сунушу менен | ||
Өзгөртүүсүз калтырылганы | ||
Прокурордун сунушу менен | ||
1-инстанциялардагы соттун өкүмү менен, окүмдүн өзгөрүшү | 1 | |
Прокурордун сунушу менен | 2 | |
1 - инстанциялардагы соттун өкүмү өкүмдүн бузулганы | 2 | |
Прокурордун сунушу менен | ||
| Калдык | |
2010-жылдын 6-айында Манас райондук прокуратурасы тарабынан Манас райондук сотуда каралган кылмыш иштер боюнча кассациялык сунуш келтирилген жок
| Жеке сунуш | Апелляциялык сунуш | Кассациялык сунуш | Көзөмөл иретинде берилген сунуш | ||||||||
Берли | Канат | % | Берели | Канат | % | Берели | Канат | % | Берели | Канат | % | |
6 ай 2010 жыл | - | - | - | 3 | 3 | 100 | - | - | - - | - | - | - |
2010-жылдын 6 айында Манас райондук прокуратурасы жана ИИБнун ТБсу тарабынан тергөө аракеттери аяктап, соттун жөнөтүлгөн кылмыш иштери актоо өкмөтү чыккан иштери актоо өкүмү чыккан кылмыш иштер жана тергөөдө кетирилген мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн кайтарылган иштер жок Соттолуучуларга карата белгиленген жазалардын түрлөрү
Аыйптоо өкүмү | Кыскартылгандары | ||||||||||
6 ай 2010 жыл
| Сотто каралган иштер | Эркинен Ажыратыл гандар
| КР КЖК нин 63 бер кол
| КР КЖР нин 72 бер | Айыл
| Үч эселен ген айып | Муна пыс | КР КЖК 65 бер | КР КЖК 66 бер | КР КЖК 67 бер | КР КЖК 68 бер |
| 41 | 6 | 10 |
|
|
|
|
|
|
|
|
Доор арыздар багытында
2010-жылдын 6 айында Манас райондуе прокуратурасы 7 доо арыз 39445 сомго берилген доо арыздар толугу канаттандырылган 2010-жылдын 6-айында жарандык иштер боюнча
| Сотто каралган Жарандык иштер | Прокурор милдетүү түрдө катышуучу жарандык иштнр | Прокурордун катышканы | % | Тараптардын арызынын негизинде бузулган чечимдер | % |
6 ай 2010 ж | 230 | 8 | 8 | 100 | - | - |
Берилген доо арыздардын түрлөр боюнча
| Жылуулук энергетика багытында | Каржы насыялар багытында | Экология багытында | Кылмыш иштер багытында | Ата-энелик укуктан ажыр Багытында |
6 ай 2010 ж | 5/ 15908 | 0 | 2/ 23537 | 1/ 19314 | 0 |
| Жер салыгы боюнча | Соц. камсыздандыруу боюнча | Пенсия, жөлөк пул Жана эмгек акы боюнча | 1- Инстанциядагы сот тарабына бузулгандар | Башка доо арыздар |
6 ай жыл | 0 | 0 | 0 |
| 0 |