Редакцияот 17.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезексиз XVI сессиясы (бешинчи чакырылыштагы )

 

2017-жылдын 17-январы № 1

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсеп счетунда 2017-жылдын 01-январына карата калган 735528 сом акча  каражатын 2017-жылга карата атайын өз багытындагы жумуштарды каржылоого бөлүп берүү жөнүндө

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсеп счетунда 2017-жылдын 01-январына карата калган 735528 сом акча каражатын MSDSP KG коомдук фонду менен түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык пайдалануу максатында айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсеп счетунда 2017-жылдын 01-январына карата калган 735528 сом акча каражаты төмөнкүдөй иштерди каржылоого жумшалсын:

А) Ош – Бишкек автотрассасын бойлото көчө жарык тандыргычтарын орнотууга

- 656565 сом.

Б) «Назик» балдар бакчасын оӊдоого – 78965 сом.

Бардыгы: (жети жүз отуз беш миӊ беш жүз жыйырма сегиз) 735528 сом.

Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айылдык аймагынын өкмөт башчысына жүктөлсүн (Т. Туйбаев).

Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (У. Атабаев).

 

Төрага

А. Беделов