ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезексиз 17- сессиясы (бешинчи чакырылыштагы )
2017-жылдын 8-февралы № 2
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды айыл ѳкмѳтүнѳ келишимдин негизинде ѳткѳрүп алуу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтомун аткаруу максатында Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу райондук мамлекеттик статистика бѳлүмүнүн статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ келишим бекитилсин.
2. Жогорудагы келишимдин негизинде иш алып баруу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына (С. Алдраков) жүктѳлсүн.
Төрага | А. Беделов |