Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги 18- сессиясы (бешинчи чакырылыштагы )
2017-жылдын 24-февралы № 2
Муниципалдык менчиктеги балдар бакчаларына төгүлүүчү ата-энелер взносу (атайын каражаттары) жөнүндө
Муниципалдык менчиктеги балдар бакчаларынын башчыларынын ата-энелер тарабынан ай сайын төгүлүүчү ата-энелер взносунун (атайын каражаттардын) өлчөмүн бекитип берүү жөнүндөгү арыздарын карап чыгып жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчиктеги балдар бакчаларына ай сайын ата-энелер тарабынан төгүлүүчү ата-энелер взносу 700 (жети жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу муниципалдык менчиктеги балдар бакчаларынын башчыларына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(У.Атабаев.)
Төрага | А. Беделов |