Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги 18- сессиясы (бешинчи чакырылыштагы )
2017-жылдын 24-февралы № 3
Муниципалдык менчиктеги балдар бакчаларынын иштөө убактысы жөнүндө
Муниципалдык менчиктеги балдар бакчаларынын башчыларынын балдар бакчаларынын иштөө убактысын бекитип берүү жөнүндөгү арыздарын карап чыгып жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчиктеги балдар бакчалары үчүн иштөө убактысы күн сайын эртең мененки саат 08-00 дөн кечки саат 18-00 гө чейин деп бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу муниципалдык менчиктеги балдар бакчаларынын башчыларына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (С.Алдраков)
Төрага | А. Беделов |