Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги 18- сессиясы (бешинчи чакырылыштагы )
2017-жылдын 24-февралы № 5
«Агро-Дан +» үрөнчүлүк чарбасынын ижара акыларын төлөөсү жөнүндө
«Агро-Дан +» үрөнчүлүк чарбасынын директору Айдаров Омардын 2016-жылда аткарылган иштер жөнүндөгү отчетун угуп жана үрөөнчүлүк чарбасынын мүмкүнчүлүктөрүн эске алып айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2017-жылы «Агро-Дан +» үрөнчүлүк чарбасы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнөн ижарага алып иштетип жаткан жерлери үчүн гектарына 1500 сом өлчөмүндө ижара акы төлөсүн.
Ижара акын төлөөнүн гектарына 1500 сомдон өлчөмү 2017-жыл үчүн гана күчүндө деп эсептелсин.
Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу «Агро-Дан +» үрөнчүлүк чарбасынын директору Айдаров Омарга жүктөлсүн.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(У.Атабаев.)
Төрага | А. Беделов |