Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги 18- сессиясы (бешинчи чакырылыштагы )
2017-жылдын 24-февралы № 6
Базибай уулу Асанбекке Отуз-Адыр айылдык аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын милдеттин аткаруучу Маликов Турдалинин Отуз-Адыр айылдык аймагынын мурдагы өкмөт башчысы Базибай уулу Асанбектин айыл өкмөтүнө сиңирген эмгеги жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2001-2015-жылдар аралыгында айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Базибай уулу Асанбекке (өлгөндөн кийин) «Отуз-Адыр айылдык аймагынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Базибай уулу Асанбекке №2 «Отуз-Адыр айылдык аймагынын ардактуу атуулу» күбөлүгү берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (С.Алдраков)
Төрага | А. Беделов |