Загрузка документа…
МИҢ - БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-февралы №1
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2010-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык округдук Кеңешинин V чакырылышынын 15 сессиясы Миң-Булак айылдык округунун айыл өкмөтүнүн 2010-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан 86716 (сексен алты миң жети жүз он алты) сом чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо боюнча айыл өкмөтүнүн сунушун карап көрүп
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылдын финансылык жыйынтыгы боюнча пайда болгон 86716 миң сом каражатын Миң-Булак айыл өкмөтүнүн керектөөсүнө 62716 миң сом төмөндөгү статьялар боюнча чыгымдоого уруксат берилсин.
- жабдууларды сатып алууга — 32650 сом
- ар кандай чыгымдарга - 30066 сом.
2. Мектептин керектөөсүнө 24,0 миң сом акча каражаты төмөндөгү статьяга чыгымдоого уруксат берилсин.
- ар кандай чыгымдарга — 24,0 мин сом
3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү, Бакай-Ата районунун каржылоо бөлүмүнө сунуш кылынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Токторалиевага жүктөлсүн.
Депуттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин төрагасы |
К.Кулукеев |