Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги 18- сессиясы (бешинчи чакырылыштагы )
2017-жылдын 24-февралы № 9
АРИС тарабынан жайыт комитетине техника сатып алуу үчүн бөлүнүп жаткан 3500,0 миң.сомдун 25% ын өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн эсебинен төлөп берүү жөнүндө
Жайыт комитетинин төрагасы Мамасалиев Анжанбайдын АРИС тарабынан жайыт комитетине техника сатып алуу үчүн акча каражаты бөлүнүп жаткандыгы жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС тарабынан жайыт комитетине техника сатып алуу үчүн бөлүнүп жаткан 3500,0 миң.сомдун 25%ы же 875,0 миң.сом айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен төлөнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т. Туйбаев )
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(У.Атабаев.)
Төрага | А. Беделов |