Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги 18- сессиясы (бешинчи чакырылыштагы )
2017-жылдын 24-февралы № 10
Отуз-Адыр жана «Коңурат» почталарынын имараттарын «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Кара-Суу райондук филиалынын балансына өткөрүп берүү маселеси жөнүндө
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган «Отуз-Адыр » жана «Коңурат» почталарынын имараттарын айыл өкмөтүнүн балансынан «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Кара-Суу райондук филиалынын балансына өткөрүп берүү маселесин карап чыгып айылдык кеңеш.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Отуз-Адыр » жана «Коңурат» почталарынын имараттарын «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Кара-Суу райондук филиалынын балансына өткөрүп берүү маселесин карап чыгып Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык чечүү Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (С.Алдраков)
Төрага | А. Беделов |