Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги 18- сессиясы (бешинчи чакырылыштагы )
2017-жылдын 24-февралы № 11
Кызыл- Абад айылындагы 72,46 гектар сугат айдоо жерди Ынтымак айылына которуу жөнүндө
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Калбаев Балтабайдын Кызыл-Абад айылында аэропорт түшүп жаткандыгына байланыштуу 72,46 гектар сугат айдоо жерди Кызыл-Абад айылынан Ынтымак айылына которуу зарылчылыгы жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл-Абад айылынын 192-контурунан 41,71 га, 197-контурунан 21,74 га, 221-контурунан 9,01 га айдоо сугат жер Ынтымак айылынын 919-контуруна 53,10 га, 918-контуруна 19,36 га өлчөмүндө которулсун.
Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Адашов )
Төрага | А. Беделов |