Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги 18- сессиясы (бешинчи чакырылыштагы )
2017-жылдын 24-февралы № 12
Айыл аймагында атып өлтүрүлгөн ар бир чөө үчүн коюлуучу бааны (тариф) бекитүү жана атып өлтүрүлгөн чөөлөр үчүн акча каражатын төлөп берүү жөнүндө
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн ветинспектору Курбанбаев Осмондун жогорудагы маселе боюнча бидирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында атып өлтүрүлгөн ар бир чөө үчүн баа (тариф) 1500 (бир миң беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Иш жүзүндө атып өлтүрүлгөн чөөлөр үчүн акча каражатын төлөп берүү айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Туйбаев Т)
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(У.Атабаев.)
Төрага | А. Беделов |