Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги 18- сессиясы (бешинчи чакырылыштагы )
2017-жылдын 24-февралы № 13
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 06-июнундагы №91 «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» аттуу Мыйзамын аткаруу жөнүндө
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн ветинспектору Курбанбаев Осмондун Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 06-июнундагы №91 «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» аттуу Мыйзамын аткаруу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо боюнча:
· Ар бир ири мүйүздүү малга басылган кулак сыргалары үчүн 40 сомдон жана ветадистердин кызматы үчүн 30 сомдон кызмат акы эл тарабынан төлөнүп берилсин.
· Малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасын маалымат базасына киргизгендиги үчүн оператордун кызмат акысы айыл өкмөтү тарабынан төлөнүп берилсин. (Т.Туйбаев)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына тапшырылсын. (А.Мурзаев)
Төрага | А. Беделов |