Редакцияот 24.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги 18- сессиясы (бешинчи чакырылыштагы )

 

2017-жылдын 24-февралы № 14

Эскилиги жеткен жана электр линияларына тоскоол кылган дарактарды кыю жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Төрөмурзаев Тариэлдин айылды жашылдандыруу маселеси жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эскилиги жеткен жана электр  линияларына тоскоол кылган дарактар кыйылсын.

2. Эскилиги жеткен дарактарды кыюга экотехинспекциядан уруксат алынсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына тапшырылсын. (А.Мурзаев)

 

Төрага

А. Беделов