Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги 18- сессиясы (бешинчи чакырылыштагы )
2017-жылдын 24-февралы № 15
№102 М.Тешебаев орто мектебине жана «Асилия» балдар бакчасына кошумча 15 (он беш) тонна көмүр бөлүп берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Төрөмурзаев Тариэлдин №102 М.Тешебаев орто мектебинде жана «Асилия» балдар бакчасында кышкы жылытуу сезонуна каралган көмүрдүн корунун түгөнгөндүгү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2017-2018-жылдардын жылытуу сезонуна каралган көмүрдүн эсебинен №102 М.Тешебаев орто мектебине 10 (он) тонна жана «Асилия» балдар бакчасына 5 (беш) тонна көмүр айыл өкмөтү тарабынан бөлүнүп берилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына тапшырылсын. (А.Мурзаев)
Төрага | А. Беделов |