Редакцияот 24.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги 18- сессиясы (бешинчи чакырылыштагы )

 

2017-жылдын 24-февралы № 16

Жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдалунууну камсыз кылуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңеши жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.

2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кеңеш тарабынан расмий бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жааматтын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчилдиктерге жол берилсе, анын ичинен жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынары жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы –жайыт комитетине эскертилсин.

4. Жайыт комитетинин башчысы жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө, жайыт пайдалануучуларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органын жана анын жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө жайыт пайдалануучулар бирикмесине Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду, маалыматтарды берип туруусу милдеттендирилсин.

5. Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин.

6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын башчысы Т.Туйбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Беделов