Загрузка документа…
МИҢ БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-февралы № 2
Миң-Булак айылдык округуна караштуу үлүш жерлердин жер салыгынын ставкаларын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин V чакырылышынын он бешинчи сессиясы, жогорудагы айтылган Миң-Булак айылдык округуна караштуу үлүш жерлердин жер салыгынын ставкаларын бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 49-главасынын 337; 338; 339;328-беренелерин жетекчиликке алып, айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын ставкалары контурлар боюнча белгиленип, жылдык суммасы 400827,34 сом өлчөмүндө бекитилсин.
Андан тышкары:
- айыл чарбасына арналбаган жер салыгы- 32000 сом;
- огород салыгы-110000 сом;
- автоунаа салыгы-137000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Белгиленген өлчөмүндө салык төлөмдөрүн өндүрүү айыл өкмөтүнүн салык инспекторлору П.Темиралиевге жана Н.Шадыбековага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык округдук кеңешинин бюджет жана экономика боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Депуттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин төрагасы |
К.Кулукеев |
|
|