Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги 18- сессиясы (бешинчи чакырылыштагы )
2017-жылдын 24-февралы № 18
Кезектеги депутатты чакырып алуу жөнүндө
№1- тогуз мандаттуу Отуз-Адыр шайлоо аймагы боюнча депутат болуп шайланган Акбаров Гапуржандын турмуш шартына байланыштуу депутаттык мандатын тапшыруусу жөнүндөгү арызын карап, кезектеги депутатты чакырып алуу үчүн Кыргыз-Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүнүн 22-24 жана 31-беренесине ылайык Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Акбаров Гапуржандын өз арызы менен депутаттык мандатын тапшыргандыгына байланыштуу кезектеги депутат чакырып алынсын.
2. Кезектеги турган депутаттыка талапкерге мандат берүү жагы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Беделов |