Редакцияот 24.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Муз айылдык Кеңешинин VI чакырылыштын 4-сессиясы

 

2017-жылдын 24-марты № 4/7

Ак-Муз айыл аймагынын «Бороонду-Мүрөк» ИСКАКБнин бюджетти жөнүндө

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Муз айыл аймагынын «Бороонду-Мүрөк» ИСКАКБнин 2016-жыл ичиндеги бюджеттинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.

2. Ак-Муз айыл аймагынын «Бороонду-Мүрөк» ИСКАКБнин 2017-жылга бюджетти төмөндөгүдөй бекитилсин:

-2017-жылга жалпы бюджет 426 240 сом мунун ичинен;

-63 960 сом төраганын айлык акысы

-59 460 сом бухгалтердин айлык акысы

-118 680 сом эки оператордун айлык акысы

-49 380 сом кароолчунун айлык акысы

-8000 сом комондировкалык чыгым

-15 336 сом налог үчүн төлөмгө

-61 056 сом социалдык төлөмгө

-4000 сом концелярдык товарга

-4 000 сом күйүүчү май бензин

-4 000 сом күйүүчү май солярка

-9 800 сом электр энергияга

-4000 сом санитардык иштерге

-6 000 сом Материалга

-9 720 cом Единица интернет

-8000 сом ар түрдүү чыгымдарга

Баардыгы: 133 912 сом.

3. 2016-жылда айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнгөн 600 000 сом акча каражатынан ашкан 327 428 сом, 2017-жылдын бюджетине кошумча киргизилсин.

4. «Бороонду-Мүрөк» ИСКАКБнин 2017-жылга карата тарифи Ак-Муз айылынын жалпы элдик жыйындын 02.03.2013-жылдагы № 2 токтому менен бекитилген боюнча төмөндөгүдөй калтырылсын:

-жалпы суу чоргоодон алуучуларга бир айга 60 сом;

-үй ичинен колдонуучуларга бир айга 120 сом;

-элге кызмат көрсөткөн мончоо ээлери бир айга 300 сом;

-үйгө таза суу киргизүү үчүн уруксаат алуу 2000 сом;

5. «Бороонду-Мүрөк» ИСКАКБнин атайын уруксаат кагазы жок үйүнө суу киргизүүгө тыюу салынат, эгер уруксааты жок киргизсе мыйзам чегинде чара колдонулат.

6. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл аймагынын «Бороонду-Мүрөк» ИСКАКБнин төрагасы Убалий уулу Ырыскулга тапшырылсын.

 

Төрага

А. Абдырахманов