Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-февралы № 3
Миң-Булак айылдык округунун айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Мин-Булак айылдык округдук кеңешинин V чакырылышынын он бешинчи сессиясы, жогорудагы айтылган Миң-Булак айылдык округунун айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесин жетекчиликке алуу менен айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын штаттык бирдиктери 11 (он бир) бирдикте бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Токторалиевага жүктөлсүн.
Депуттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин төрагасы |
К.Кулукеев |