Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-марты № 7
Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинен шаардын аймагындагы орто мектептерине акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинен шаардын аймагындагы орто мектептерине акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин 706-бөлүмдүн 3111-беренесинен:
-Х.Самиев атындагы орто мектебинин эшик терезелерин жаңылоо үчүн 709-бөлүмдүн 3111-беренесине 500 000 (беш жүз миң) сом;
-Н.Крупская атындагы орто мектебине эмеректерди алуу үчүн 709-бөлүмдүн 3112-беренесине 145 000 (бир жүз кырк беш миң) сом;
-А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин жылуулук системасын оңдоого радиатор сатып алуу үчүн 709-бөлүмдүн 3111-беренесине 500 000 (беш жүз мин) сом;
-А.Абдуллаев атындагы орто мектебинин алдына асфальт (брусчатка) төшөө үчүн 709-бөлүмдүн 3111-беренесине 500 000 (беш жүз мин) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |