Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-марты № 8
Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинен шаардын аймагындагы орто мектептерди ремонттоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинен шаардын аймагындагы орто мектептерди ремонттоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин шаардын аймагындагы орто мектептерди ремонттоо үчүн 706-бөлүмдүн 3111-беренесинен:
-Х.Самиев атындагы орто мектебине 709-бөлүмдүн 2221-беренесине 151 000 (бир жүз элуу бир миң) сом;
-Н.Крупская атындагы жатак мектебине 709-бөлүмдүн 2221-беренесине 87 300 (сексен жети миң үч жүз) сом, жана жерге төшөлүүчу жол килемчесин алуу үчүн 709-бөлүмдүн 3112-беренесине 35 000 (отуз беш миң) сом;
-А.Абдуваитов атындагы орто мектебине 709-бөлүмдүн 2221-беренесине 157 600 (бир жүз элуу жети миң алты жүз) сом;
-А.Абдуллаев атындагы орто мектебине 709-бөлүмдүн 2221-беренесине 153 200 (бир жүз элуу үч миң эки жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |