НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын 44- сессиясы
2017-жылдын 28-марты № 9
Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинен шаардын аймагындагы балдар бакчаларын ремонттоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинен шаардын аймагындагы балдар бакчаларын ремонттоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинен шаардын аймагындагы балдар бакчаларын ремонттоо үчүн 706-бөлүмдүн 3111-беренесинен:
"Курманжан Датка" атындагы балдар бакчасыне 709-бөлүмдүн 2221-беренесине 160 000 (бир жүз алтымыш миң) сом;
"У.Салиева" атындагы балдар бакчасыне 709-бөлүмдүн 2221-беренесине 158 000 (бир жүз элуу сегиз миң) сом;
"Балапан" балдар бакчасыне 709-бөлүмдүн 2221-беренесине 145 000 (бир жүз кырк беш миң) сом;
"Кара-Турпак" балдар бакчасыне 709-бөлүмдүн 2221-беренесине 150 000 (бир жүз элуу миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |