Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-марты № 12
Ноокат шаардык мэриясынын аймагындагы "Растишка" балдар бакчасына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаардык мэриясынын аймагындагы "Растишка" балдар бакчасына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаардык мэриясынын аймагындагы "Растишка" балдар бакчасына 2017-жылдын 1-апрелинен баштап 370 900 (үч жүз жетимиш миң тогуз жүз) сом Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен:
-Тамак аш үчүн 2218 беренесине 213 800 сом;
-Байланыш үчүн 2212 беренесине 10 400 сом;
-Сүү үчүн 2231 беренесине 38 700 сом;
-Электр энергия үчүн 2232 беренесине 78 000 сом;
-Комур үчүн 2224 беренесине 30 000 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |