Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-марты № 13
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы "Ноокат Жарыктандыруу" муниципалдык ишканасына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы "Ноокат Жарыктандыруу" муниципалдык ишканасынын акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы "Ноокат Жарыктандыруу" муниципалдык ишканасына иш акы үчүн 343 020 сом, соц. фонд үчүн 59 171 сом, жалпысы болуп 402 191 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |