Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылынын 10-февралы № 4
Миң-Булак айылдык округундагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин аукцион аркылуу жана трансформациядагы жерлерин инвестициялык конкурс аркылуу ижарага берүүнүн ошондой эле муниципалдык менчиктеги жер участокторун сатыкка коюунун шарттарын аныктоо жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин V чакырылышынын он бешинчи сессиясы, жогорудагы айтылган Миң-Булак айылдык округундагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин аукцион аркылуу жана трансформациядагы жерлерин инвестициялык конкурс аркылуу ижарага берүүнүн ошондой эле муниципалдык менчиктеги жер участокторун сатыкка коюунун шарттарын аныктоо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Аукцион өткөрүү үчүн 5 (беш) адамдан турган комиссиянын курамы түзүлсүн.
1.Табылдиев М.-айыл өкмөттүн башкы адиси, комиссиянын төрагасы.
2.Нурманбетов Б.-айылдык округдук кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы.
3.Ормотоев Ж. —айылдык округдук кеңешинин депутаты.
4.Ордобаев Д.-айылдык округдук кеңешинин депутаты.
5.Абди уулу Нурлан-айылдык округдук кеңешинин депутаты.
2. Миң-Булак айылдык округундагы кайра бөлүштүрүү фондусунан 22,56 га жерди аукционго коюуга уруксат берилсин.
-анын ичинен 22,56 га аукцион аркылуу;_____га инвестициялык конкурс аркылуу.
-Сатыкка 0,07 га жерди коюуга уруксат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Депутаттардын Миң-Булак айылдык Округдук кеңешинин төрагасы |
К.Кулукеев |