Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-марты № 15
"Ноокат суу канал" чарбалык ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна негизделген муниципалдык ишканасынын директорун дайындоого макулдук берүү жөнүндө
"Ноокат суу канал" чарбалык ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна негизделген муниципалдык ишканасынын директорун дайындоого макулдук берүү жөнүндөгү маселени талкулап, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 4-5-бөлүгдөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ноокат суу канал" чарбалык ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна негизделген муниципалдык ишканасынын директору кылып З.Э.Камаловту дайындоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |