Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-марты № 18
Ноокат шаарынын аймагындагы муниципалдык жылуулук менен камсыздоо ишканасына жылуулук жабдууларын жана отказан имаратын оңдоп түзөөгө акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы муниципалдык жылуулук менен камсыздоо ишканасына жылуулук жабдууларын жана отказан имаратын ондоп түзөөгө акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы муниципалдык жылуулук менен камсыздоо ишканасына жылуулук жабдууларын жана отказан имаратын ондоп түзөө үчүн 474 200 (төрт жүз жетимиш төрт миң эки жүз) сом республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке өз ара эсептешүү боюнча берилүүчү каражаттын эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |