Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-февралы № 5
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү аткарган иштери тууралу отчетун угуу жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин V чакырылышынын он бешинчи сессиясы, жогоруда белгиленип өткөн Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү жетишкендиктерди жана кемчиликтерди эске алып :
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү аткарган иштери боюнча берилген маалыматы эске алынып, аткарылган иштер канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Айылга жаны типтүү мектеп куруу маселесине дайыма көңүл бурулсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысы А.Акматовага жүктөлсүн.
Депутаттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин төрагасы |
К.Кулукеев |