Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын кезектеги 4- сессиясы
2017-жылдын 25-февралы № 4-3
Төөлөс айыл аймагынын 2016-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2017-жылга карата божомолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 3-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл аймагынын 2016-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Төөлөс айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча 2017-жылга карата божомолу бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Абдырахманов |