Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-февралы № 6
Жайыт комитетинин 2011-жылга бюджетин кароо жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин V чакырылышынын он бешинчи сессиясы, жогоруда белгиленип өткөн жайыт комитетинин 2011-жылга бюджетин кароо жөнүндөгү маселени карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле “Жайыттар жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл округунун жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жанан пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагангандары бекитилсин.
- 2010-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөнүн өлчөмдөрүү:
Ири мүйүздүү мал-бир баш үчүн 86 сом;
Кой-эчкилер-бир баш үчүн 17 сом;
Жылкылар-бир баш үчүн 86 сом;
Кирешелер жана чыгашалар сметасы (1 тиркеме)
3. Миң-Булак айыл округунун жайыт комитетине пайдаланылуучу жайыт участоктору үчүн жер жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
4. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жогоруда аталган жайыт жерлери менен кошо, тиркелген кабыл-алуу өткөрүп берү актысына ылайык жайыт инфраструктурасынын тиешелүү объектилери өткөрүлүп берилсин (2 –тиркелет)
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Нусувалиевге жүктөлсүн.
Депутаттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин төрагасы |
К.Кулукеев |