ТоктомКүчүндө

Төөлөс айылдык кеңешинин 2017-жылдын 25-февралындагы № 4-4 «Төөлөс айыл аймагынын КР Салык кодексине ылайык жер аянттарынын базалык тарифтерин эсептөө үчүн 2017-жылга карата К-1 зоналдык коэфициенти жөнүндө» токтому

Редакция25.02.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төөлөс айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын кезектеги 4- сессиясы

 

2017-жылдын 25-февралы № 4-4

Төөлөс айыл аймагынын КР Салык кодексине ылайык жер аянттарынын базалык тарифтерин эсептөө үчүн 2017-жылга карата К-1 зоналдык коэфициенти жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктуна ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төөлөс айыл аймагынын жер аянттарынын базалык тарифтерин эсептөө үчүн 2017-жылга карата К-1 зоналдык коэфициентинин көлөмү 1,0 болуп бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

М. Абдырахманов