Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын кезектеги 4- сессиясы
2017-жылдын 25-февралы № 4-5
Төөлөс айыл аймагында айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базасын инвентаризациялоо жана жер кыртышынын бонитетин аныктоо менен жер салыгын 15%га көтөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337-беренсинин 49-бөлүгүнүн негизинде жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл аймагында айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базасын инвентаризациялоо жана жер кыртышынын бонитетин аныктоо менен жер салыгын 15%га көтөрүү максатында айыл аймагындагы айыл чарба жер аянттарынын жер кыртыштарынын бонитетин аныктоо багытында тиешелүү иш чаралар алып баруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Абдырахманов |