ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын кезектеги 4- сессиясы
2017-жылдын 25-февралы № 4-7
Төөлөс айыл аймагында жайгашкан кароосуз калган социалдык обьектилерди муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна ылайык айыл аймагында жайгашкан кароосуз калган социалдык обьектилерди муниципалдык менчикке алуу боюнча айыл өкмөтүнүн малыматын угуп жана талкуулап берилген маалыматтын толук калыптанбагандыгын эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл аймагында жайгашкан кароосуз калган социалдык обьекттерди муниципалдык менчикке алуу жөнүндөгү маселе айылдык кеңештин кийинки отурумдарынын кароосуна калтырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Абдырахманов |