ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын кезектеги 4- сессиясы
2017-жылдын 25-февралы № 4-8
Төөлөс айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга карата аткарылышы, 2017-жылга карата бюджетинин сметалык долбоору жана 2018-2019-жылдарга болжолдуу пландарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга карата аткарылуусунун киреше бөлүгү 14844,3 миң сом жана чыгаша бөлүгү 14844,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Төөлөс айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 15 907.1 миң сом жана чыгаша бөлүгү 15 907.1 миң сом көлөмүндө бекитилсин.
3. Бекитилген бюджеттик каражаттарды жыйноо, максаттуу жана сарамжалдуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4. Төөлөс айыл өкмөтүнүн бюджетинин божомолу 2018-жылга карата киреше бөлүгү 13 601.1 миң сом, чыгаша бөлүгү
13 601.1 миң сом жана 2019-жылга киреше бөлүгү 14 341.1 миң сом, чыгаша бөлүгү 14 341.1 миң сом көлөмүндө бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Абдырахманов |