Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
2017-жылдын 10-марты № 5-1
Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен ""М.Бостонбаев" атындагы орто мектебинин спорттук аянтында жайгашкан кичи футболдук аянтчаны реконструкциялоо" долбоорун ишке ашыруу үчүн өздүк салым каражаттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен түрткү берүүчү (стимулирующий) грант эсебинен ишке ашырууга сунушталып жаткан ""М.Бостонбаев" атындагы орто мектебинин спорттук аянтында жайгашкан кичи футболдук аянтчаны реконструкциялоо" долбоорунун өздүк салымы үчүн 709 бөлүмүнүн 31112390 беренесине 214 100 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Бекитилген бюджеттик каражаттарды максаттуу жана сарамжалдуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Абдырахманов |