Редакцияот 13.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төөлөс айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын кезексиз 6- сессиясы

 

2017-жылдын 13-марты № 6-1

Төөлөс айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2016-жылга аткарган иштери жөнүндө жана 2017-жылга карата божомол бюджети жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жайыттар" жөнүндө мыйзамынын 30-беренесине 1.1.6.7 бөлүмүнө ылайык Төөлөс айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төөлөс айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2016-жылга аткарган иштери эске алынсын.

2. Төөлөс айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2017-жылга карата божомол бюджетине макулдук берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, сода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.

 

Төрага

М. Абдырахманов