Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын кезексиз 6- сессиясы
2017-жылдын 13-марты № 6-3
Төөлөс айыл аймагынын жайыт комитетинин 2016-2020-жылдарга карата жайыт башкаруу жана мал-чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жайыттар" жөнүндө мыйзамынын 30-беренесине 1.1.6.7 бөлүмүнө ылайык Төөлөс айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл аймагынын жайыт комитетинин 2016-2020-жылдарга карата жайыт башкаруу жана мал-чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизилсин.
2. Төөлөс айыл аймагынын жайыт комитетинин 2016-2020-жылдарга карата жайыт башкаруу жана мал-чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча планына ылайык иш алып баруу жагы Төөлөс жайыт комитетинин башчысы А. Темировго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | М. Абдырахманов |