Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын кезексиз 7- сессиясы
2017-жылдын 17-марты № 7-1
Катардагы депутат А. Эшматов Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу, арызынын негизинде мандатын тапшыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 4-пункутуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катардагы депутат А. Эшматов Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу, мандатын тапшыруу боюнча арызы канааттандырылсын.
2. Ошол шайлоо округдан кийинки ким көп добуш алган талапкерди тактап берүү жагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | М. Абдырахманов |