Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-марты № 1
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык Казан-Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө
Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесине 6-пунктуна ылайык 01.01.2017 жылдан баштап айыл чарба багытындагы жерлердин жер салыгынын ставкасы 2 эсе көтөрүлсүн.
2. К 3 аймактык коэффициенти 1,0 эсебинде бекитилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, kazankuiqan.naryn-reqion.kg Веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Казан-Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З.Эсенгуловго жүктөлсүн.
Төрага | М. Шалтаев |