Редакцияот 06.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Казан-Куйган айылдык Кеңешинин 27-чакырылышынын 5-сессиясы

 

2017-жылдын 6-марты № 3

Казан –Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүндө мамлекеттик алым өндүрүү жөнүндө

Казан –Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүндө мамлекеттик алым өндүрүү максатында Казан –Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Социалдык жактан жардам берүүгө, социалдык фондко, аскер комиссиариатына жана мекемелер тарабынан суралган справкалар бекер берилсин.

2. Мындан сырткары жакка берилген справкалардан 5 (беш) сом өлчөмүндө мамлекеттик алым алынсын.

3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С. Талиповага милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

М. Шалтаев